Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатында жайгашкан дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. 3-кабатта жашаган кыз куткаруучулар тарабынан сыртка чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Өрт өчүрүү кызматына саат 06:50 чамасында билдирүү түшүп, анда Киев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен өрт чыкканы айтылган. Саат 07:29да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Үйдүн ичин түтүн каптагандыктан, 3-кабатта жашаган кыз жардамга чакыра баштаган. Ал куткаруучулар тарабынан сыртка чыгарылган. Жабыркагандар жок, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.