"Кумтөрдө" бир жумушчу кырсыктан улам көз жумду

24-январь күнү кечинде "Кумтөр” кенинде "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын бир кызматкери каза болду. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматынан 25-январда кабарлашты.
Маалыматка караганда, компаниянын алгачкы майдалоо тилкесинде кокустук болуп, андан бир кызматкер каза болгон. Болгон окуя тууралуу маркумдун жакындарына, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабар берилип, Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгынан түзүлгөн тергөө тобу өз ишин жүргүзө баштады. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция тарабынан окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.
“Маркумдун эмнеден улам каза болгонун тергөө иштери аяктаганда маалымдайбыз”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2016-01-25 14:07:20
Жаман болуптур кокустукпу же алтын талашып таап алышыпчы
+2
nur0077
2016-01-25 15:10:47
Ачыка чыкпай каза болгон Кыргыз жумушчулар канча,Канадалыктар Кумтордо 6-7 киши гана болбосо,калганы Торонто до жылуу офисте видеокамера менен тиктеп отурушат.
+3
nurkasym-2014
2016-01-25 18:17:19
Эми ушундай чоон ишканада кокустук толук болушу мумкун да.
-3
Aktilek1994
2016-01-25 18:41:44
Аллахка гана таандыкпыз жана ага гана кайтуучубуз... Аллах Таалам рахматына алып, жакын туугандарына сабыр берсин. Ооомин
+1
Makain
2016-01-25 22:59:26
жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
+1
marik10
2016-01-26 16:21:09
арты кайрылуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан