Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 52 жаштагы адам кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен 28 жаштагы жигит кайрылган. Анда ал 2015-жылдын 5-декабрь күнү Нурмат аттуу киши Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаасын сатып алам деген шылтоо менен унаасын тартып алганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 52 жаштагы Ж.Урматбек кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.