Ош. Жасалма акча сактоого шектелип эки жаран кармалды

Укук коргоо органдары 2016-жылдын январь айында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында иликтөө иштеринин алкагында жасалма акча сактоого шектелген кылмыштуу топтун иш-аракетине бөгөт коюшкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 25-январда билдирди.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматына караганда, жасалма 200 доллар менен Жалал-Абад облусунун 1992-жылкы тургуну А.М. менен 1993-жылы Ош облусунда туулган А.Р. кармалган. Экөө тең "Чач" деген каймана аты бар Э.Мурзахметов аттуу жарандын кылмыштуу тобуна кирери белгилүү болгон. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөн жарандар камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын бири А.Р. 2015-жылы ноябрь айында "общактын" казынасы үчүн деп 2000 доллар акча талап кылгандыгы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Svoboda83
2016-01-25 18:11:59
Аты жонун толук жазып койсонор болбойбу демократия да жашап жаткандан кийин колдон келсе суротун койуп аты жонун толук жазып койгула анан бизда ушуга окшогон айбандардан сак болот элек
+3
expert.007
2016-01-25 18:21:12
Svoboda83,Ооба туура айтасын. Чындыкты билгенге акыбыз бар
+1
Mars55
2016-01-25 18:41:52
Чач сакал мурут ушундай криминалдар тойгозду пайдасы жок
+1
atai9292
2016-01-25 18:45:36
Алар азыр шектелип кармалы мейли камалдыда дейли. Кудай ынсап берип берип жакшы жашоо баштаса,толук фамильясы же сүрөтү бэкелечектеги уул кыздарына катуу таасир калтырып коюшу мүмкүн. Ошондуктан толук жазышпайт
0
Truelensk
2016-01-25 18:51:36
Чач сакал жун тырмак алса кайра кайра осо берет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан