Кыргызча-орусча терминдердин жыйындысын камтыган жаңы сөздүк жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта маалымат жыйынында китептин автору Ашырбек Бакаев билдирди. 1000 нускада чыккан бул сөздүктө коомдук-саясий, юридикалык, каржы-экономикалык жана аскердик терминдер которулган. Автордун айтымында, бул сөздүктөгү 17 миң сөздүн ичинен 12 миңи кыргыз тилиндеги сөздөрдүн мааниси менен дал келет, бирок аны эч ким колдоно билген эмес. “Калган 5 миң сөзгө маанилеш сөздөрдү таап, лексикографиялык эрежелерди сактап котордум”, -дейт Бакаев.