Ооганстанда авиасоккудан "Ислам мамлекети" террордук тобунун 17 мүчөсү жок кылынды

Ооганстандын чыгыш тарабында жайгашкан Нангхар провинциясында авиасокку жасалып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун 17 согушкери жок болду. Мындай маалыматты бүгүн, 25-январда чет элдик басылмалар өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып таратышты.

Маалыматка ылайык, 24-январда Дех Бала жана Ачин аймактарында террористтерге каршы авиасокку жасалган. Жыйынтыгында террордук топтун мүчөлөрү жана алардын командири Кори Вахоб дагы набыт болду. Мындан сырткары Гур-Гури аймагындагы Хаска-Мина уездинде авиарейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 9 террорист жана “Ислам мамлекети” тобунун дагы бир командири Кори Хафизулло колго түшүрүлдү.

Эске салсак, өткөн аптада АКШнын Куралдуу күчтөрү Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобуна каршы авиасокку жасоого уруксат алгандыгы жарыяланган. Андан бери АКШ Куралдуу күчтөрү Ооганстандын аймагында бир нече ирет сокку жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Svoboda83
2016-01-25 18:35:04
Терористердге сокку урса жакшы эле болот анан жон эле карапайым элге сокку ура бербесин
+1
Inna_91
2016-01-25 20:09:35
Террористтер сириядан бери келбесин кудай сакта
+2
Kushtarbek345
2016-01-26 00:28:45
Кыргызстантанда торолгонумо шугур.
+2
Kushtarbek345
2016-01-26 00:29:17
Оо жараткан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан