Аскер бөлүгүндө жоокерди сабаган командир жана жооптуу кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулушту

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча кызматтык иликтөө аягына чыкты. Ага ылайык, аскер бөлүгүнүн командири, командирдин тартип иштери боюнча орун басары жана ротанын командири ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Азыркы тапта бул окуяга юридикалык баа берүү үчүн чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, №64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду ротанын командири токмоктоп салган. Бул тууралуу маалыматты Аскерлердин энелеринин республикалык комитети бүгүн жарыялаган эле. Маалыматка ылайык, окуя 21-январь түнү орун алган. "Абытбек уулу Мамарасулду ур-токмокко алды" деп ротанын командири, капитан Аралбаев шектелүүдө.

Жоокер командир тарабынан аёосуз сабалган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kyialbek.a
2016-01-25 19:46:19
Уят эле бизде качан токтойт ушундайлар
0
Kyialbek.a
2016-01-25 19:51:21
Admin Аксы рай Кербен шаарындагы банк кузотчусунун олуму тууралуу тергоолор кандай экен ошону да тактап жарыялап коёсуздарбы
0
admin_portal
2016-01-26 11:20:53
Kyialbek.a, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
dav312
2016-01-25 20:04:28
УШУНдай окуялардан улам кыргызстандык эр азаматтар мекенге кызмат кылуудан качууда бул командирлерди жумуштан алуусу ото туура чечим деп ойлойм бул менен башкалар да сабак алат
0
nurzada78
2016-01-26 03:01:03
Уулкан Байгубатова эн туура суйлопсуз!Созунузго кошулам!Азаматсыз!Сотко берип,камаш керек ошол командир ротаны,жон эле жумуштан бошотуп койбой!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан