Бишкек шаарында 66 жаштагы энесин өлтүрүүгө шектелип 44 жаштагы уулу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине 18-январь күнү Бах көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери денесинде көптөгөн жаракаттары бар 60-65 жаштардагы аялдын денесин табышкан. Иликтөө иштеринин алкагында маркум 66 жаштагы Д.Нарынбүбү экени аныкталган. Тиешелүү экспертизадан ал аял башына алган катуу жаракаттан улам көз жумганы аныкталган. Бул факт боюнча "киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бир нече күндөн кийин кылмышка шектүү катары маркумдун 44 жаштагы А.Дамир аттуу баласы кармалган. Сурак учурунда ал энеси экөөнүн мамилеси анча жакшы болбогонун айтып, окуя болгон күнү ал энесиникине келип, экөө акчанын айынан урушуп кетишкенин билдирген. Ачууланган уулу хрусталь идиш менен энесинин башына бир нече жолу чапканын айткан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.