Ошто "баласын 15 миң сомго сатып жиберген" деп 27 жаштагы келин кармалды

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ички иштер министрлигине Ош облусунда бала сатуу фактысы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Б.Сейитовдун айтымында, 2015-жылдын декабрь айында 1989-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну А.Ш. жаңы төрөлгөн баласына туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк жасап, С.Ш. аттуу Орусиянын жаранына 15 миң сомго сатып жиберген.
Аталган жарандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zaada
2016-01-25 17:59:36
Баланын убалынан коркпойт экен да тобо. Наристенин жытына зар болгондор канча. Кудайым мындай таш боорлорго бергендин ордуна, куну туну бала сурап тилегендерге берсе экен.
+7
Svoboda83
2016-01-25 18:00:17
Сенин озуну эле сатыш керек наристеде эмне куноо ал периште Эми турмодо чирисен экен
+3
zoichka
2016-01-25 18:00:33
Мээрими жок.таш боор эне экен го.эне деп да айткым келбеди.тооба кылдым(((
+7
Aviator
2016-01-25 19:02:34
тооба кылдым. мал деле баласын кооруйт. малчалык да жок экенсин
+4
isnur93
2016-01-26 03:01:12
Иии тооба кылдым,томпойуп ширин болуп турса кантип журогу чыдайт оз баласын сатканга.
+1
Bars111
2016-01-26 03:40:26
Алты айдан кийин
Тойдун алдында:


Жигит: Ураа! Акыры ушул мен күткөн күн да келди!
Кыз: Эмне, менин кетип каалайсынбы?
Жигит: Жок, бул нерсе сенин оюна да келбесин!
Кыз: Сен мени сүйөсүнбү?
Жигит: Албетте!
Кыз: Сен менин көзүмө чөп салгансынбы?
Жигит: Жок ай! Кантип сага ушул ой келди?
Кыз: Мени өпкүң келеби?
Жигит: Ооба.
Кыз: Мени урасыңбы?
Жигит: Эч качан!
Кыз: Сага ишенсем болобу?

Алты айдан кийинки абалды көрүш үчүн,
ушул эле маекти ылдыйдан жогору карай окуңуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан