Жылнаама, 26-январь: Мындан 95 жыл мурун “Sony” компаниясынын негиздөөчүсү Акио Морита туулган

* Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы Ирландиянын Дублин шаарында Интерпол тарабынан энергетика боюнча экс-министр Сапарбек Балкыбековдун колго түшүрүлгөндүгү кабарланган. Башкы прокуратура аны экстрадициялоо боюнча кайрыларын билдирген. Бирок жергиликтүү гезиттердин бири “экс-министр Ирландияда арал сатып алып, өлкөнүн чоң инвесторуна айлангандыктан, аны мекенине кайтарбай коюшу да ыктымал” деп жазып чыккан.

* Мындан 95 жыл мурун, 1921-жылы япониялык инноватор, жеке ишкер Акио Морита Япониянын Ногайо шаарында саке (япондордун улуттук ичимдиги) чыгарып сатуу менен алектенген үй-бүлөдө туулган. Мектептен соң Осакадагы императордук колледжге өтүп, 1945-жылы физик болуп чыккан.
Колуна диплом алгандан кийин мугалим болуп иштейт. Бош убагында электроника тармагында өз фирмасын ачууну каалаган Икубо деген адам менен иштешет. Убакыт жетип, экөө биргелешип Токиодо телекоммуникация жаатындагы техникалык компанияны негиздешкен. Компания 1958-жылдан баштап “Sony” деген атка ээ болгон. Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечкен. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет.
Акио Морита 1999-жылы 3-октябрда 78 жашында көз жумган.

* Мындан 56 жыл мурун, 1960-жылы орусиялык журналист, телеалпаруучу, режиссёр жана актёр Леонид Парфёнов Орусиянын Вологод облусундагы Череповец шаарында туулган.
1977-жылы Ленинграддагы Жданов атындагы университеттин журналистика факультетине тапшырып, аны 1982-жылы аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин эле Леонид Парфёнов өзүнүн эмгек жолун "Правда", "Красная звезда" басылмаларында баштаган. Орусиянын "Биринчи каналынын" көрүнүктүү алып баруучуларынын бири Леонид Парфёнов телевизиондук искусство тармагындагы эң мыкты жетишкендиктери үчүн 5 жолу "ТЭФИ" сыйлыгына ээ болгон.

* Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы Чехословакиянын үстүндө Югославияга караштуу McDonnell Douglas DC-9 учагы жарылып кулап түшкөн. Хорват улутчулдары жардырган учактын бортунда болгон 28 кишинин бирөө - стюардесса гана тирүү калган.

26-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан