Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду токмоктоп салышканы маалымдалган эле. Бүгүн, 25-январда аталган аскердин атасы Абытбек Темиров SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
"Баламдын сабалганын 21-январда уктум. Ал мага телефон чалып, кызмат өтөп жаткан жерине чакырды. Эмне болгонун сурасам, офицер сабап салганын айтты, бирок атын айткан жок. Аны укканда дене боюм калтырап, өзүмдү жоготуп койдум. Анан №64479-аскер бөлүгүнө барсам, жетекчисинин орун басары бар экен. Ал уулумду сабаган офицер ооруканага алып кеткенин айтты.
Аралбаевге телефон чалып, "баламды мага алып кел, көрөйүн" дедим. Башында баламды жеңил эле жаракат алса керек деп ойлогом, бирок өтө мыкаачылык менен токмоктолуптур. Аралбаевге деле айттым, "Баламдын эмне күнөөсү бар? Эгер күнөөсү болсо мени чакырып, көзүмчө тарбиялабайт белең?" деп. Ал "менин балам ооруп, ачуум менен келип уруп салыптырмын" деди. Баламдан "Аралбаев мас беле?" деп сурасам, "соо эле болчу" деп жатат. Соо киши андай айбандык ишке барбайт.
Буга чейин деле "жоокер жоокерди атып...", "жоокер асынып өлдү" деген маалыматтарды угуп келгенбиз. Менин баламдын окуясы боюнча акыйкаттык издейм. Бул иш аягына чыгышы керек. Азыр балама жолугуп келдим. Ал "туруп бассам мээм солкулдап, көзүм тумандап, кулагым укпай жатат. Эс-учумду жоготуп, кайра турсам деле өтүк менен башка ургулап жатыптыр" деди".