Өткөн сутка ичинде өлкөдө 15 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районунун жашоочусу денесинен күйүк алды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 5, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда от жаккан бөлмөдө 20 чарчы метр жыгач шып, газ плита, тумбочка күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси, 53 жаштагы М.Ф. I-II даражада бетинен, денесинен 15 пайыз күйүк алып, "Тез жардам" тарабынан №4-шаардык ооруканага жеткирилген, М.Г. колун кесип алып, ага "Тез жардам" тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан