КРнын Салык кодексине толуктоо киргизилди

Бүгүн, 19-мартта президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 14-февралда кабыл алган. Толуктоо кирген мыйзамга ылайык, КРнын аймагына импорттолуучу технологиялык жабдууларды жана ферроэритүүчү мешинин элементтерин жеткирүү кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат. Бул мыйзам Таш-Көмүр шаарына ферроэритүүчү заводун куруу долбоору боюнча инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан