Аламүдүн районунда "денеге залал келтирген" деген шек менен 47 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 46 жаштагы Г.И. аттуу аял кайрылган. Ал 23-январь күнү саат 19:00 чамасында белгисиз адам себепсиз ур-токмокко алып, анын денесине залал келтиргенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Б.Э. кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.