ЭЛДИК КАБАР: Австрияда кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу кече өткөрүлдү

24-январда Австриянын Вена шаарында кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны Австрияда окуп-иштеп жүргөн кыргыз жаштары уюштурушту. "Анда улуу акыныбыздын көптөгөн ырлары окулду, анын текстине чыгарылган обондуу ырлар ырдалды, өмүр баянын чагылдырган тасма көрсөтүлдү жана "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылды",- дейт окурман.

Айта кетсек, акын, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылдын 12-декабрында туулган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Svoboda83
2016-01-27 20:54:38
Жакшы жанылык
0
STAN_KG
2016-01-28 13:19:16
Азаматсыңар, алыста жүрсөңөр да кыргыз элинин келечеги үчүн аз да болсо жакшы иш чара уюштурупсуңар! Өтө зор!
0
KursKG
2016-02-06 18:57:24
Азаматсынар,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан