25-январда жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында ок атуучу курал сактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 23 жаштагы Р.А. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүнүн унаасын текшерүү учурунда номурлары өчүрүлгөн тапанча табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Мындан сырткары 26-январда Кара-Буура районунда 20 жаштагы жаран кармалган. Андан ТОЗ №153-ок атуучу куралы жана 6 ок табылган. Бул боюнча да кылмыш иши козголду.