Депутат Каныбек Иманалиев АКШга болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев АКШга болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Тактап айтканда, Нью-Йорк шаарында "Сорос" фондунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушуп, тараптар өлкөнүн ички коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абалы менен байланышкан, Кыргызстанда парламентаризм жана демократиялык институттарды өнүктүрүү жаатындагы маселелерди талкуулады. Ошондой эле Иманалиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен да жолугушту. Анда Жогорку Кеңеш тарабынан көрүлүп жаткан парламенттик демократияны бекемдөө жана өнүктүрүү чаралары тууралуу сөз жүрдү. Мындан сырткары дагы бир катар жолугушуулар орун алды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан