Ноокат районунун Төөлөс айылындагы Жайылма мектебинен өрт чыкты. Бул тууралуу 26-январда Өзгөчө кырдаардар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин 32 чарчы метр бөлүгү күйүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматы аталган мектепке барып өрттү толугу менен өчүрүп калган.
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда. Аталган мектеп 5 окуу корпусунан турат.