"Манас" аэропортунан Орусиядан башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен келген бала кармалды

25-январда "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын документи менен 11 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2005-жылы туулган М.И. Новосибирск – Бишкек авиакаттамы менен аэропортко келген. Документтерин текшерүү учурунда М.И. Орусиядан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Чек арачылар текшерип, баланын ата-энесинин аты-жөнү менен күбөлүктөгү маалыматтар дал келбестигин аныкташкан. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан