Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Кылычбек Эшеналиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 26-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылдын 24-ноябрында кылмышка шектүү Бөкөнбаев айылынын тургуну Б.Мамбеталиеванын ишенимине кирип, ага таандык 2 гектар жерди Бишкек шаарынын жашоочусуна сатып жиберген. Кардар берген 3 миң доллар акчаны өзүнө өткөрүп алып, Б.Мамбеталиевага бербей койгон.
Тоң РИИБи Кылычбек Эшеналиевден жабыркагандардан милиция кызматкерлерине кайрылууну суранат.