УКМКда сабалган жоокердин окуясы боюнча "күч колдонуп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндөгү окуядан кийин мекеменин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлдү. Алардын иликтөөсү аяктаганда тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу 26-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, кечээ аскер бөлүгүнүн командири, командирдин тартип иштери боюнча орун басары жана ротанын командири ээлеген кызматтарынан бошотулган. Чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилип, "күч колдонуу аркылуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

Жоокер командир тарабынан аёосуз сабалган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
muun-kyrgyz
2016-01-26 12:05:19
Аллах шыпаа берсин! Командирге ыйман ынсап берсин!
+1
Serenada
2016-01-26 13:06:49
Кудайдын буйругу менен аман калыптыр дагы жакшы, болбосо муну дагы жардан боюн таштады же асынып олду кылып койот эле
+1
jetinur90
2016-01-26 13:57:24
Тируу калганына шугур. Олду кылса да унчукпай койчу иш эмес эле. Иштин акырын кутуп канча адам тишин кычыратып турат. Закондуу турдо камалса албетте озуно жакшы. А эгер шайтан оюн башталса,жабырлануучунун артындагы ТОП деле кегин кууп алганы шай. Жок эле дегенде нары барып келет.
+1
nazgul90
2016-01-26 23:31:59
Ошол камандир дин бала чакасы ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-01-27 11:39:56
nazgul90 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан