Бишкекте коомдук унаалар кагышып, 9 киши жаракат алып ооруканага жаткырылды

Кечээ, 25-январь күнү Тынчтык кең көчөсү менен Айни көчөсүнүн кесилишинен жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен автобус кагышып, 9 адам жарбыркаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кичи автобус Тынчтык кең көчөсү менен түндүктөн түштүк тарапты көздөй баратып Айни көчөсүнө бурулуп жатканда автобус менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында 9 адам жаракат алган. Алардын арасында эки наристе бар. Жабыркаган адамдар ооруканага жаткырылды. Унаалар айып жайга токтотулуп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba9396
2016-01-26 12:00:28
Айыгып кетишсин батырак.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан