Жаза аткаруу кызматынын отставкадагы ардагери: "Абактан качып кармалган кылмышкерлер атайылап өлтүрүлгөн"

Бүгүн, 26-январда маалымат жыйынында ЖАМКтын отставкадагы ардагери Эрнст Исаев: "Абактан качкандан кийин кармалып калган кылмышкерлер атайылап өлтүрүлгөн. Кылмышка күнөөлүү катары кармалган полковник И.Телтаев да атайылап өлтүрүлүшү мүмкүн",- деп билдирди.

Ал абак кызматкерлери өч алуу максатында өлтүрүлүшү мүмкүн экендигин айтканда журналисттер айтылгандарды тактай турчу далилдерди сурашты. Исаев бул анын ою гана экенин айтты.

"Абактан качып кармалган Т.Жуманов, Б.Кенжегулов, М.Жумалиев ЖАМКтын борбордук аппаратынан өлтүрүлгөн. Мен өзүм ошол борбордук аппараттын имаратында иштейм. Кармалган кылмышкерлерди Нива үлгүсүндөгү унаа менен алып келгенин өз көзүм менен көргөм, бирок кандай кеткендерин көрбөй калдым",- деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jetinur90
2016-01-26 13:00:35
Эми озунузго сак болунуз. Камандар жылмайып туруп каршысындагы жыра тартчу эле.
+18
BekAmir
2016-01-26 13:02:30
jetinur90,туура
+4
behappy74
2016-01-26 13:02:02
Толук, даана,так билбеген сон эмне деп дооруп жатат.Менин оюм деп. Ар ким эле ойду тоону суйлосо боло берген заман болгонбу.Жоопко тартуу керек менин оюм деп доодуроп чырдын отун тамызып жатат да.Ардагер болсо ардагердей болуп эс ал да тынч бузук соз суйлобой.
-13
zinaniz
2016-01-26 14:32:27
behappy74,кайдигер болбош керек.Кайдигерликтин азабынан Лукашенко айтмакчы Кыргызстан нищяя страна деп...Мундай чындыкты айткан кишилердин коомго кереги жоктугу окундурот.
+5
begai93
2016-01-26 16:19:51
Молодец экен! Оз кызыкчылыгын ойлоп жон жатпай чындыкты айткан! Эми этият болуп журунуз да канкорлорго ишенич жок!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан