25-январда саат 19:50 чамасында Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында Масалиев кең көчөсүндө Тойота Авенсис унаасын, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин жанында Мицубиси жана Матиз үлгүсүндөгү унааларын, андан соң чоң көпүрө аркылуу Ленин көчөсүнө бара жатканда Хонда Фит унаасын сүзүп, жолдун четиндеги бордюрду сүзүп токтогон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган дарекке барышып, атайын шаймандары менен агып жаткан күйүүчү майды токтотуп, кооптуу жерлерге кум чачып беришкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.