Өз өмүрүнө кол салган жашы жете элек кыз Ош облустук ооруканасында көз жумду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну, 1999-жылы туулган кыз Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында тууганынын үйүндө убактылуу жашап жаткан. Ал 2016-жылдын 24-январында өзүн өзү асып алган. Оор абалда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, андан кийин каза болгон. Анын бул кадамга барганынын себептери Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсү тарабынан иликтенип жатат.