Урмат Аманбаева ооруканада болгондугуна байланыштуу сот отуруму дагы жылдырылды

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык сотунда коррупция боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын соту өтмөк. Айыпталуучу учурда ооруканада болгондуктан, отурумга келе алган жок. Ишти карап жаткан судья буга байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырды. Бирок кайсы күнгө жылдырылганын белгилеген жок.

12-январда да судья Аманбаеванын ден соолугуна байланыштуу отурумду 26-январга жылдырып, анда да жакшы боло албаса, февраль айында карала турганын айткан.

Айта кетсек, бүгүн шаардык сотто Октябрь райондук сотунун чечими боюнча
У.Аманбаеванын апелляциясы каралмак.

Экс-депутат Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. 13-ноябрда Октябрь райондук соту Урмат Аманбаеваны 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган. Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептеп жана тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurbol
2016-01-26 15:58:08
Жегенден кийин берип кутулбайбы, ал жакта жатып эмнени кутуп жатат убакыт создуруп
+2
Xanif.Kg
2016-01-26 16:02:20
Мындан коп жеген эркектер 1, 2 жылга эле соттолуштуго. Эмнеге аз эле акча учун аял кишини мынчалык кыйнайп, 9 жыл бересинер бийлик соройлор. Негизи Бакыт Аманбаевке очошуп эле жасап жатышат бийлик муну...
Мисалы, тиги Келдибеков, Нарымбаев, анын шериги (тиги уйгурдун аты ким эле, Нарымбаев менен чогу отурган) миллиондорду жегени учун 1,5, 2 жылдан эле кесилдиго. Адилеттуулук кайда???...
0
Ailo
2016-01-26 17:01:02
Xanif.Kg,Аз эле акчабы ошол сага? Ал акчага эмнелер гана келмек, курулмак.
0
Xanif.Kg
2016-01-26 19:50:53
Ailo, эми тиги эркек соройлордун жеген акчасына коро, аз да. Аманбаевадан коп акча жегендер эн кобу 2 жылга камалып жататко...
0
Makain
2016-01-26 16:14:00
Чондор ооруп калса сот жыла берет карапайымдарды карабай соттойт.
+4
aselushka
2016-01-26 16:30:13
бул дуйнодо качып кутулганынар менен,наркы дуйнодо кудайдын алдында жооп бересинер.ошон учун элдин акчасын уктатпагыла чондор!
0
bazarkyl
2016-01-26 16:50:55
жегендер көп, бирок баарынын артынан мынча куугунтуктаган эмес, бирөөнүн ачуусуна тийип алганго Аманбаевага жакшылап туруп кечирим сураш керек.
-1
ilim07
2016-01-26 18:15:23
Жегенден кийин жооп бер да
0
muun-kyrgyz
2016-01-27 13:44:08
Ак буура саунасын сат да жеген акчаны төк, адал иш башта эжекеси, ошол саунада нечен тагдырлар талкаланган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан