Спирт ичимдиктерин ичип отуруп уруша кеткен койчу кожоюнун бычактап салганын мойнуна алды

Кемин райондук ички иштер органдарына 25-январь күнү Боом капчыгайында аңчылык менен алектенген жарандын үйүнөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Муну ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери каза болгон жаран 1964-жылы туулган Я.М. экендигин аныкташкан. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө анын мойнуна бычак сайылгандыгы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү катары буга чейин соттолгон, маркумдун колунда кой кайтарып иштеп келген 31 жаштагы Курманбек кармалган. Ал кылмышын мойнуна алган.

Каза болгон жарандын аялынын айтымында, 24-январда Я.М. менен кылмышка шектүү Курманбек спирт ичимдиктерин ичип отуруп уруша кетишкен. Натыйжада Курманбек кожоюнун бычак менен сайып, белгисиз тарапка кетип калган.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Makain
2016-01-26 16:10:45
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
+1
Zolushka89
2016-01-26 16:16:03
Койчу жалдагандар абайлагыла
0
karona
2016-01-26 20:37:39
Жинди суу жакшылыкка алып келбешин билип туруп ичебиз, чеги менен ичсе искиси келгендер. Тообо кылдым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан