Сейил бакта семичке чагып интернет айдыңында белгилүү болгон кыздын иши аймактык административдик комиссияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Ажибаев билдирди.
"Студент кыз Административдик кодекстин "таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылат. Тиешелүү материалдар чогултулуп, Октябрь райондук административдик комиссиясына жөнөтүлдү. Ушул аптанын аягында анын жыйынтыгы чыгат. Ага канча айып пул салынарын комиссия чечет",- дейт А.Ажибаев.
Белгилүү болгондой, өлкө аймагында 25-январга чейин мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери кышкы эс алууда болушкан. Мындан улам ал кызды табуу жана жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү узарып кеткен.