Биринчи Май райондук ички иштер органдары тарабынан бир катар алдамчылык фактыларына шектелип 51 жаштагы борбор калаанын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 26-январда кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Урматбек Жумабаев ар түрдүү шылтоо менен адамдардын ишенимине кирип ири суммадагы акчаларын алдап алып кеткен. Өткөн жылдын декабрь айында ал 29 жаштагы Я.Курманбек аттуу жарандын Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасын 17 миң долларга сатып алам деп, бирок акчасын бербей качып кеткен. Ушул жылдын январь айында 41 жаштагы С.Назира аттуу аялга тиешелүү кыймылсыз мүлккө мыйзамсыз ээлик кылып алган. Азыркы тапта кармалган жарандын үстүнөн он адам арыз жазып, келтирилген чыгым 60 миң долларга барабар болууда.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. У.Жумабаевден жабыркагандар (0554) 10-23-02 номуру аркылуу укук коргоо органдарына маалымат калтырышса болот.