18-ноябрда Ала-Тоо конушунан табылган маркумдун өздүгү дале аныктала элек (Нерви жукаларга сунушталбайт!)

2015-жылдын 18-ноябрында саат 08:00 чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушундагы темир жолдун жанынан табылган маркумдун өздүгү дале аныктала элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ал эми ал адамды өлтүргөндөр Ленин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан изделип жатат.

Маалыматка ылайык, азиат улутундагы 40-45 жаштардагы маркум мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Мындан улам милиция маркумдун өздүгүн аныктоодо жарандардан жардам сурап жатат. Эгер ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, (0553) 10-23-59, (0551) 10-22-33 телефон номурлары аркылуу кайрылышыңыз керек. Милиция купуялыкты сактоого кепилдик берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bermet_Kasymova
2016-01-26 18:08:46
Катуу сабалган го.
+1
loyal
2016-01-26 20:16:19
Кантип ушунчалык мыкаачылыкка колдору барды экен
+3
seed
2016-01-27 01:06:40
men bul kishini Jalalabadtan korgondoi bolup jatam. bashka aimaktyn militsiyasyna dagy jinotushtu beken surootorun. kocholorgo iluu kerek. otpechatkasynan izdesechi. je biometrikadan oykon emes beken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан