Американын бир катар штаттарында катуу жааган кардын кесепетинен 41 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Американын 11 штатында өзгөчө кырдаал киргизилди. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 100 метрге, ал эми жааган кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткени айтылды. Каза болуу фактылары Вашингтон, Делавэр, Кентукки, Мэриленд, Нью-Жерси, Нью-Йорк, Түндүк жана Түштүк Каролина, Огайо, Пенсильвания, Теннесси, Виргиния штаттарында катталган. Алардын басымдуу бөлүгү жол кырсыктарынан жана кар тазалоо учурунда жүрөгү кармап каза болгон.
Мындай катаал аба ырайы Түштүк-Чыгыш Азияда да катталганы белгилүү болду. Ошондой эле Гонконг, Тайвань жана Вьетнамда да кар катуу жааган.