Социалдык фонддун кызматкерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун жашоочусу жергиликтүү Социалдык фонддун кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, эмгек китепчесине 9 жылдык иш тажрыйбасын коштуруп, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 26-январда билдиришти.
"Аталган райондун Ат-Башы айылынын К.Ж. аттуу тургуну 2007-жылдын 17-майында жаш курагы жете электе Социалдык фонддун кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп пенсияга чыгып кеткен. Башкармалыктын кызматкеринин мыйзамсыз аракетинин айынан мамлекеттик казынага 230 721 сом зыян келтирилген”,- деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Xanif.Kg
2016-01-26 18:44:14
Бут эле кызматкерлерге козгойтко коррупциясын. Эч эле жетекчилерге козгоду дегенин окубадым...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан