* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жайык айылынан 5 киши ат минип алып мал издейбиз деп чыккан бойдон кайтып келген эмес. Алардын изи Тас-Бел жайытына чейин барып, андан ары табылган эмес. Айылдыктар ал жакта кар көчкү түшкөнүн аныкташкан. Жыйынтыгында 5 тургун кар көчкү басып калып каза тапканы белгилүү болгон.
* Мындан 92 жыл мурун, 1924-жылы Москвада Лениндин күмбөзү ачылган.
1924-жылы 21-январда Владимир Ильич Ленин дүйнөдөн кайткан. Анын элесин болочоктогу муундарга сактап калуу үчүн тез арада атайын курулма - күмбөз тургузулган. Долбоорду көрүнүктүү орус архитектору А.В.Щусев бир түндүн ичинде түзүп чыккан. Аны жыгачтан төрт күндө тургузушуп, 27-январда саат 16да Совет мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү салынган табыт аталган жайга коюлган. Беш жылдан кийин жыгачтын ордуна таш менен кайрадан курулган. Күмбөз жылтырата жылмаланган кочкул кызыл граниттен салынып, аза белгиси катары кара мрамор алкак менен айландыра капталган.
* Мындан 33 жыл мурун, 1983-жылы Франциянын көрүнүктүү актёру, режиссёр, сценарист, продюсер Луи Де Фюнес жүрөк оорусу кармап каза болгон.
Франциянын улуу комиги Луи Де Фюнестин толук аты - Луи Жермен Давид де Фюнс де Галарса. Ал Францияда төрөлгөн. Луи Де Фюнестин атагы жалгыз гана Франция же Европага эмес, бүт дүйнөгө Фантомас, жандармдар тууралуу комедиялары аркылуу тараган.
* Мындан 16 жыл мурун, 2000-жылы Лас-Вегаста официант Синтия Жей оюн автоматынан дүйнөдөгү эң чоң утушка ээ болгон.
Лас-Вегас - казино, оюн-зоок, шаан-шөкөттүн мекени. Баарынан оор жумуш казино, ресторандардын жумушчуларыныкы. 12 саатка чейин созулган жумуш күнүнөн кийин кээ бир жумушчулар коңшулаш казинолордогу оюн автоматтарына барып стресстен арылууну адатка айландырып алышкан. Алардын катарындагы Лас-Вегастагы казинолордун биринин официанты Синтия Жей 27 долларын көтөрүп алып оюн автоматына барган. Жарым саатка жетпей бардык акчасын уттурган Синтия Жей кеткенге камынып, акыркы жетонун салган. Мына ошол акыркы жетон Синтия Жейге бакыт алып келип, дүйнөдөгү эң чоң утушту, башкача айтканда, 34 959 458 АКШ долларын утуп алган. Тилекке каршы, капыстан келген ал бакыт көпкө созулган эмес. 2 айдан кийин Синтия Жей жол кырсыгына кабылып, шал болуп калган.
27-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.