Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

26-январда саат 16:53тө Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Таш-Короо айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Ак-Шыйрак айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Каракол шаарынан 85 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти. Таш-Короо айылында 2,5 балл болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан улам кыйроолор же жабыркагандар катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан