Акыркы суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районунда үйдүн чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 3, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 48 чарчы метр кичи турак үйдүн чатыры, төшөнчүлөр, сыналгы, 2 даана муздаткыч, 4 эшик жана 2 терезе кашектери күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мешти пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежесинин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан