Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 30 жаштагы аял кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы аял кайрылган. Анда ал борбордогу жаңы конуштардын биринен белгисиз аял күч колдонуу менен колундагы баштыгын жулуп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Ж.Г. аттуу аял кармалды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан