Айдоочулукка үйрөтүүчү мектептин директорунун орун басары УКМКнын кызматкерине пара берип кармалды

Бишкекте айдоочулукка үйрөтүүчү мектептин директорунун орун басары Х.А. УКМКнын кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын аймагында жок чет мамлекеттин жарандарына айдоочулук ырастамаларды мыйзамсыз берилген фактыларды текшерүүлөрдү токтотуу үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине 2000 доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.

2016-жылдын 26-январында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында ал 1000 доллар жана 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен колго түштү. Бул боюнча "пара берүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kairatbek-2011
2016-01-27 10:58:50
Резултатга бироону коргозбой баарын тегиз кармап тегиз камагыла
0
orhidea
2016-01-27 11:00:58
Акча жок дейбиз. Акчанын баары эле ушуларда. Бети ачылбай калып кеткендери канча. Ошол акчаларды дагы айдоочулук ырастамалаоды мыйзамсыз берип тапты да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан