Жогорку Сот бүгүн Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карайт

Бүгүн, 27-январда Жогорку Сот бир нече беренелер боюнча айыпталган прокуратуранын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасына байланыштуу маселени карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Буга чейин Канжар Кадыралиевге бир нече операция жасалганы айтылып, ден соолугуна байланыштуу соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mongol1155
2016-01-27 11:14:03
Башка суроту жокпу?
+2
MAKALAK
2016-01-27 11:57:02
1жылдан бери Канжар Ыргалдын акчасын жеп буттунор бары бир акталат.Больницага жаткыра бербей актап койгула да.Буга чейин оорубай аттай эле болуп жургон
+1
Sezim.A
2016-01-27 12:57:59
Бироонун наны тешип чыгат да,тем более бей бечараныкы.Ооруп жатат дегенге бир чети ишенип кетем,балким чындап Жаратканым жазасын берип баштагандыр деп.Ал ооруса эле чыгара бербегиле больницага себеби жандын ооруганы кандай болоорун сезсин,айтайын дегеним каарыган чал кемпир да ыйлактап денелерибизге залака келтирди каарыганыбызга карабай деп ыйлакташкан.
+1
tabyshmak
2016-01-27 13:07:14
Ооба, булардын ооруп калуусу талашсыз да. Кимди жоопкерчилик тартуунун алдында оорубады деп айта алабыз? эч кимди. Мисалы, Келдибеков ооруйт, "Аманбаева беле?" жанагы акча жегенчи... бул аял да ооруп журот, анан эле Канжар калсынбы оорубай? Булар ооруну да сатып алышат оздорунун ден-соолугу учун.
+2
aku
2016-01-28 00:48:47
tabyshmak,алар эмес Омар да ооруй калды го,анан эмнеге байкуш оозун тигип абалы оор болсо да жанагы аялын зордуктады деген баланы чыгарышпайт?
0
Sezim.A
2016-01-27 13:30:03
Кудайым ач калсан да токмун дегин дейт,баарына периште оомийн кылат деп,а булар соо адамдар оорудум дешсе десин Жаратканым оору мындай болот деп корсотуп коет,шугур кылбаган пенделер.
0
muun-kyrgyz
2016-01-27 13:39:16
Аллахым баарын көрүп турат, жазасын алсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан