Бишкекте алдамчылык жолу менен 1,4 миллион сомдук унааны тартып алып башкага саткан аял кармалды

Бишкек шаарында алдамчылык жолу менен кымбат баалуу унааны тартып алып башка адамга сатууга шектелип 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.А. аттуу аял кайрылган. Анда ал Чолпон жана Шааркүл аттуу аялдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында 2015-жылдын 25-ноябрында аталган аялдар аны алдоо жолу менен Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, тиешелүү документтерин жасап, аны башка адамга сатып жиберишкенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 400 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 57 жаштагы Шааркүл О. кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы, шаардын тургундары жана коноктору бул аялдан жабыркаган болсо, төмөнкү номурларга билдирүүнү өтүнөт: (0554) 102 256, (0554) 102 182.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KUMKA
2016-01-27 11:50:26
ону мынча суук...
+6
aiposha
2016-01-27 12:08:38
жүрөктү титирететгоо чиркиин
+1
bekos2012
2016-01-27 12:10:35
Ланд Крузердин акчасына шубаларды алган го
+3
Usow
2016-01-27 13:33:12
Адамдын кебетесинен кандай экени билинет
+4
Uluk_Kalyev
2016-01-27 16:33:30
Балпайган кемпир болуп жон эле журо бербептир эми мыйзам алдында жообун алсын
+1
Alikhan
2016-01-28 00:31:58
Бул аялды билем ал андай ишке барбайт айабай жакшы аял менен келип карыска алып кеткен жакшы тааныбайт елем ишенип бердим 1 ай откондо жарты акчасын 2 ай жарты акчасын алып келип берген
0
muras111211
2016-01-30 00:07:28
Уулунун урматын кыздын кызматын келиндин ыссык чайын ичип уйдо отура турган убагында. Карыганда калжандабай жон журбойбу.уят эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан