28 килограммдан ашуун баңгизат менен Токтогул шаарынын тургуну кармалды

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан маңзат сактоого шектүү жарандар колго түшүрүлдү.

Ички иштер министрлигинен бүгүн, 27-январда билдиришкендей, 43 жаштагы Ы.Ш. аттуу жарандын сарайынан пакеттин ичинен кургатылып, анан майдаланган жашыл түстөгү өсүмдүк табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал жалпы салмагы 28 килограмм 30 граммды түзгөн марихуана экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары маңзат сактоого шектелип кармалган 54 жаштагы Кара-Буура районунун жашоочусунан 95 грамм баңгизат табылган. Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Каракол шаарында жүргүзгөн рейдде 39 жаштагы Б.У. аттуу жаранды текшерүүгө алышкан. Натыйжада андан 160 грамм баңгизат табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AiBoru
2016-01-27 12:43:34
Быйыл Ысык-Колдо сезон катуу болуп жаткан го. Уламдан улам салмак кобойуп баратат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан