Оозун тигип, ачкачылык жарыялаган жарандын апасы: "Уулумду 8 жылдан бери көрө элекмин, аялы зордуктады деп арыз жазып, Орусияга кетип калыптыр"

Соттун чечимине макул болбой ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган Таалайбек Сыдыковдун энеси Минакүл Сыдыкова бүгүн, 27-январдагы маалымат жыйынында уулун 8 жылдан бери көрө электигин айтып көзүнө жаш алды.

"Жалгыз баламды той жасайм деп күтүп жаткам. Ал Венера аттуу кыз менен таанышып, ага үйлөнгөнүн, аялынын кызы менен эки күндө үйгө келишерин телефон чалып айтты. Кийин бир бала мага телефон чалып уулум түрмөгө жалган жалаа менен отуруп калганын кабарлады. Анан эле 14 жылга кесилип кетти. Уулумду 8 жылдан бери көрө элекмин. Венераны да көрө элек болчумун. Ал лабораториялардын биринде иштечү экен. Сүйлөшүү үчүн иштеген жеринде 3 күн күттүм. Орусияга качып кетти",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pandora
2016-01-27 12:01:48
Ушундай бир окуя болду элего чет олкодо,мен ошону айтып жататго десем озубуздун эле мекенде турбайбы,окунучтуу(((
+2
kobra86
2016-01-27 12:08:47
Байкуш эне чырылдап чындык,акыйкаь издеп жудоду ал бала зордогон эмес кыз оз каалосу мн бала экоо борбодук мечиттен никесин кыйдырат никесин менин куйом кыйган экен. Соттор эмнеге ишенбей жатышат билбейм бирок бала мурун соттолгону учунбу билбейм
+13
marmilantka
2016-01-27 12:25:34
kobra86, ошол сиздин куйоонуз да куноолу
Нике кыйганда да куболор болуш керек. Экоо
барса еле никени кыйбаш керек болчу.Шариат боюнча мындай бобойт.
+1
Va.vasm
2016-01-27 12:33:54
marmilantka,куболору болуш керек, нике кыйган адам деле билсе керек шарттарын. А аялы бир нерседен катуу капа болуп арыз жазып салган окшойт.
+2
kobra86
2016-01-27 13:15:52
marmilantka,Мен жазган жокмунго нике кыйганда коболор жок болгон деп. Жолдошум илимдуу шейх куболор болгон аныгын билбей туруп жазганына тан калам борбордук мечитте жон эле иштей беришпейт атастатция дегенден отуп иштешет жана жыл сайын атестатциядан отуп турушат.
0
Pandora
2016-01-27 12:59:34
kobra86,Акчасы жок болгону учун ишенбей жатат.
+2
tabyshmak
2016-01-27 13:03:31
Мынтип оозун тигип алуу, массалык маалыматтар аркылуу элге жарыялоо эч кандай канааттандырарлык натыйжа бербейт. Андан коро акча табуу маселесин колго алып, акча менен ишти бутурууго аракет жасоо керек. Чындыгында бул баланын куру жалаа же толук куноолуу экенин билбейбиз. Бирок, учурда мындайлар аябай кобойуп кеткендиктен экооно тен ишене албай баш катат.
0
tursunbaev2004
2016-01-27 15:17:37
Тоок уурдаган тутулат миллиондорду уурдаган кутулат болуп жатат Нарымбаев менен Коркмазовду уялбай 2-3 жылга кесип койду ал эми озунун аялын зордуктады деп 14 жылга себеби карапайым тааныш билиш акча жок
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан