"Жарандык никедеги аялын зордуктады" деп 14 жылга кесилгенден кийин оозун тигип, ачкачылык жарыялаган жарандын соту 2-февралда болот

Соттун өкүмүнө макул болбой 8-январда оозун тигип, ачкачылык жарыялаган жарандын иши боюнча экинчи инстанциядагы соттук отурум 2-февралда Бишкек шаардык сотунда болот. Бул тууралуу 27-январда жактоочулардын бири Майрамбек Жумабеков маалымдады.

Окуяга токтолсок:

2015-жылдын 2-ноябрында Бишкектин Ленин райондук соту "зордуктоо", "уурулук" беренелери боюнча айыпталган Таалайбек Сыдыковду 14 жылга эркинен ажыраткан. Тергөөдө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал жабырлануучу Венера Дайдакеева менен таанышып, нике кыйдырып үйлөнүшкөнүн айткан. Мындан сырткары борбор калаадагы Дмитриева көчөсүндө жайгашкан №15-үйдөн батирди ижарага алып жашап жатышканда 10 күндөн кийин уруша кетип, аялы милицияга арыз жазганын билдирген.

Жактоочулардын айтымында, жабырлануучу 2015-жылдын 23-январында жазган арызында күйөөсү сабап салганын, кайра 29-июндагы арызында сабап, зордуктаганын жана акчасын уурдап кеткенин жазган.

Бүгүнкү маалымат жыйынында жактоочу Майрамбек Жумабеков: "Иликтөөнүн жүрүшүндө айыпталуучуга карата дооматы жок экенин айтып, кылмыш ишин токтотууну суранган. Ошондой эле соттук отурумдарга катышкан эмес. Соттук отурумдун жүрүшүндө күбөлөр Т.Сыдыков менен В.Дайдакеева чогуу жашашканын, молдо алардын никесин кыйгандыгын далилдешти. Сот А.Н.Жоошбеков күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске албай, айыпталуучуну 14 жылга кести. Өкүмгө макул болбогон Т.Сыдыков №1-СИЗОдо оозун тигип, расмий түрдө ачкачылык жарыялады. Азыр анын абалы оор. Сот акыйкатсыз чечим чыгарганын айтып Акыйкатчы институтуна кайрылдык",- деди.

Борбордук мечиттин өкүлү Эргеш ажы 12-июнда айыпталуучу менен жабырлануучунун никеси күбөлөрдүн катышуусунда кыйылганын айтты. "Алар мечитке келгенде имам башка иштер менен кеткен эле. Өзүбүздүн адамдар күбө болуп, экөөнүн макулдугу менен мен алардын никесин кыйгам. Т.Сыдыков никедеги аялынын жообун бербесе, шарият боюнча ал азыр да аялы болуп саналат",- деди.

Жактоочулар соттук отурумда далил катары борбордук мечиттен никеси кыйылгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүшкөн. Күбөлүк 2015-жылдын 16-сентябрында алынган. Анда 39 жаштагы Таалайбек Сыдыков менен 38 жаштагы Венера Дайдакеева 12-июнда никесин кыйдырышканы жазылып, ага борбордук мечиттин имамы кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
omurbek1990
2016-01-27 13:49:57
туура эмес чечим чыгарганы учун Сотту иштен алып койуп эле чектелбей, аны да жоопко тартыш керек. Жок эле дегенде оолчойгон сумма толотсо, жегенин кустуруп ошондо эсине келет.
+5
aydarov...
2016-01-27 13:54:12
Юрист катары айткым келет. Прокурорлор сот кантип бул адамга 14 жылды берди тушунбойсун.Эми соттун устунон сот болушу керек.
+9
kobra86
2016-01-27 14:17:38
aydarov...,Кошулам эн туура антпесе акча алып эле бей куноо адамдар кордолуп атат
+5
Arslan12
2016-01-27 23:23:30
aydarov...,эмнеге тез эле соттоп коюшат куболорду сурап да койбой канчалаган кылмышкерлер журот го уй камагында же болбосо дарыланышып, млндорду жеп коп, акыйкат барбы озу,болсо соттодун ишин караш керек
0
adel
2016-01-27 14:17:38
Тооба кылдым,адам олтуруп жаш балдарды зордуктаганга дагы мынча жыл срок бере элек го??? Ото табышмактуу го бул
+6
nurelle
2016-01-27 14:38:19
Эмне демекчимин? Аялыңарга аяр мамиле жасагыла,бир күнү уруша кетсеңер 108 статья менен түрмөгө түшүп каласыңар...Анда бүт күйөөлөр жардын учунда эле турган турбайбызбы...
+4
aikokul14
2016-01-27 15:02:03
nurelle,бир жолу комментарий жазган элем,эркектер абайлагыла,аялдар ото"мстительная"болобуз деп,ошол дагы эсиме тушту.
0
KUMKA
2016-01-27 15:20:10
Аялын менен жаткандан да коркосун....
0
Shat.88
2016-01-27 20:04:47
Нике кыйылган дегени кандай,кана свидетельство о браке, жок болсо ,урса зордуктаса жооп берсин,нике кыйылган деп,законный документ керек.
-4
kobra86
2016-01-27 20:42:42
Shat.88,козкну чоон ачып карасан нике куболугу туратко
+2
Shat.88
2016-01-27 21:25:06
kobra86,ал мечиттен ьерилген кубо,мамлекет тарабынан ЗАГС тан берилгени кана козду менден мурун сен ач
-4
kobra86
2016-01-28 09:28:05
Shat.88,Мамлекеттен биринчи Алланын эсебине кирген онго ананда ЗАГС ты бир ай очерет куткп аласын аны алып жетишпегенго булар он кундо ажырашып атпайбы кпнтседа Алладан коркпойбу аялы чын эле эри урсп зордуктаса неге тастыкьабай Россияга еачып кетет.
+1
saparali96
2016-01-27 22:10:41
Сотто ошол аялда катышуусу керекта,россияга кетип калыптырго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан