ЭЛДИК КАБАР: Алматы - Бишкек трассасында Мерседес менен Ауди сүзүшүп, кыргыз жараны каза тапты

Кечээ, 26-январда 21:00 чамасында Алматы - Бишкек трассасында Ауди жана Мерседес үлгүлөрүндөгү жеңил автоунаалар сүзүштү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кырсыктын кесепетинен бир кыргыз жараны каза болду. "Алматы шаарынын МАИ кызматынын айтуусу боюнча, Аудинин айдоочусу рулду башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, Мерседес менен сүзүшкөн. Кырсыктан жабыркаган кыз Айселим Туратбекова "Тез жардам" кызматы келгиче эле каза болуп калды. Ал Бишкек шаарында турган кыргыз жараны экени аныкталды, анткени аркасынан көп өтпөй эле үч унаа менен достору келген. Кырсыкка кабылган Ауди менен Мерседестин айдоочулары казак жарандары экен. Алар оор жаракат алышты. "Тез жардам" кызматы аларды алып кетти",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
Qwer007
2016-01-28 13:19:57
Жайы жаннаттан болсун! Мен ал окуяны азыр кирип дем албай окуп чыктым, чындыгында ото кайгылуу экен.
0
mega777
2016-01-29 01:46:45
Qwer007,Кабатырланбаныз)Ал жалган окуя экен))
Кайра кирип окусаныз тушунуп аласыз)
0
begimai1989
2016-01-28 19:54:36
Бирок жолдо кар жок го
0
Begai_kg
2016-01-28 20:56:46
Тактап бергилеечиии
0
Bonia9189
2016-01-29 01:04:54
Админ тактап бериниздерчи суранабыз
0
mega777
2016-01-29 01:48:52
Форумдагы Айселим аман-соо экен)

Элдик кабарга жонотулгон маалыматтар текшерилип,аныкталган сон жарыяланабы же кандай?Ушуга тушунбой жатабыз.Жооп берип койосуздарбы.
+1
aminausman
2016-01-29 03:01:10
Админ мен теманы аягына чейин окуй албай койдум,эмнеге 30 барактан кийин?
0
BRILIANTTKA
2016-01-29 03:28:51
Фуфло экен... Ай ай ай...
0
Marjan90
2016-01-29 04:06:40
Темасы кайда кеткен. Ошондо жалган бекен.
0
nuremir2015
2016-01-29 05:31:21
Темасы не болгон айтып койгулачы сураныч
0
Azem2013
2016-01-29 08:39:07
Темасы кайда кеткен? Аягы эмне болду айтып койгулачы сураныч?Ошо форумдагы кыз бекен?
0
tynara81
2016-01-29 14:45:07
Админ, ушул кабардын чын төгүнүн тактап, элдик кабарга жооп катары чыгаргылачы аныктап. Айпери (Розалия)деген кыз баарыбызды лох кылдыбы ээ
0
Patriot...kg
2016-01-29 23:05:25
Кыскасы хахале болдук
0
begimai1989
2016-01-30 00:15:12
100%жалган жалган жана жалган
0
Senuchunzhashaim
2016-01-30 01:38:02
Олдуго ким чыгарманы жазса да укмуш фантазиялуу адам экен. Бирок автор Айселимди авария кылып олтуруп койбой чыгарманызды бактылуу кылып бутурсонуз болмок свадьбасын отменён кылбай))))
0
honey.ka
2016-08-18 05:25:34
Ар ким ар демке деп жазса хахаха кылып отуруптур да. 26 январь авария болуп каза болсо, 28 январь суперстанга кирбесе керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан