4-январда Орусиянын Екатеринбург шаарында жоголгон Канат кызы Айганыш дале табыла элек. Издөө иштери улантылып жатканын 27-январда орусиялык басылмалар таратышты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөн. Ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туугандары билдиришкендей, дүкөндөн Айганышты күзөтчү уурдалган кефир менен кармап алган. Буга чейин уурулукка колу барбагандыгын белгилеген кыздын Мохамедали аттуу жездеси күзөтчү Айганыш алган азык-түлүк жана акчасын тартып алып, сыртка чыгарып салганын айткан.
Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты 23 жаштагы эжеси кыргыз жеринен Орусияга өткөн жылдын май айында алып кеткен. Атасы абакта болгондуктан, Айганыш апасына жардамдашуу үчүн Орусиядан айына 4 миң рублдан акча салып турган. Кызды издөөгө полициянын бардык бөлүмдөрү тартылды.
Канат кызы Айганыштын бою 145 сантиметр, кой көз, кашы калың, чачы кара. Ошол күнү күлгүн түстөгү күрмө, кочкул кызыл моюн орогуч, токулган баш кийим, кочкул кызыл лосина, күрөң кышкы өтүк кийип жүргөн. Көргөн-билгендер полиция кызматкерлерине (343) 370-41-66 же 356-42-11 телефон номурлары аркылуу билдиришсе болот.