Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы №91-кесиптик лицейде тамак-аш жарманкеси болду. Анда ашпозчулуктун сырларын окуп, үйрөнүп жаткан аталган лицейдин 1-курсунун студенттери тарабынан жасалган балык, тоок жана мал этинен даярдалган тамактар, салаттын түрлөрү, ун азыктарынан жасалган даамдар көрүүчүлөргө сунушталды. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара 21-март - Нооруз майрамына карата уюштурулду.