№50-СИЗОдон качып, бутунан жарадар болуп колго түшкөн Эдил Абдрахмановго операция жасалды

№50-СИЗОдон качкандардын арасынан жалгыз тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ЖАМКтын басма сөз кызматы жарыялады.

"№47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директорунун орун басары, хирург Жаныш Сулайманов жасады. Операцияны Кыргыз Республикасындагы Кызыл Крест Эл аралык комитети төлөп берди",- деп айтылат маалыматта.

"Террорчулук үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Эдил Абдрахманов 2015-жылдын октябрь айында №50-СИЗОдон качкан 9 адамдардын бири болгон. Алар түрмөдөн качып баратышканда ЖАМКтын 4 кызматкерин өлтүрүшкөн.

Абдрахмановду кармоо учурунда бутунан жарадар болгон. Буту сакайбай жатканынан улам ал сотко катыша албай жатат. Мындан улам соттук отурумдар жылдырылган. Кийинки соттук отурум 28-январга дайындалган",- деп эскертет ЖАМК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
behappy74
2016-01-27 17:12:24
Ушунун окуясы бутподу го "Султан Судаймандын" сериясындай уланып. Кимге керек рецидивист-террористтин кунумдук жашоосу.Ансыз да криминал тошогуно чейин колун салып турган заманда
-1
Inna_91
2016-01-27 21:41:29
Жакшы Болуп калды элего дагы башталдывы
-1
Adi.Avazbekov
2016-01-27 22:44:26
Eptep uwunu da tyndym kylatko bolnissadan ozuno kelbedi oldu dep aldap
-2
Aika96
2016-01-28 10:17:39
Бул дагы Эми операциядан кийин олот,коросунорго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан