Бишкекте уурулук жана акча талап кылуу менен алектенген балдар кармалышты

Бишкекте уурулук жана акча талап кылуу менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Казакстандын 28 жаштагы жараны кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын Лексус RX 330 үлгүсүндөгү унаасынын мамлекеттик номурун уурдап кетип, аны кайтарып берүүгө акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Д.Дастан жана 19 жаштагы С.Эрлан кармалган. Учурда мындай факт боюнча дагы эки арыз келип түшкөн. Иликтөө иштери улантылууда.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул жигиттерден жабыркагандар болсо, төмөнкү номурларга билдирүүнү өтүнөт: (0554) 102 329, (0550) 102 349, нөөмөт бөлүмү: (0312) 52-29-00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlan15
2016-01-27 18:17:28
Анда санда бир ушуга окшогондор гезитке чыгып калса кылмыштуулук дагы анда санда боло тургандай туюлат атак кунуго болот.
0
Arslan12
2016-01-27 23:10:14
Мен дагы 2 жолу толодум го ушундайларга , азыр жакшы 1500 толо дубликат каалашынча жасатып ала бер Россияда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан