Эки жылдан бери УКМКнын тергөө абактарында текшерүүлөр болгон эмес. Ал жерде кармалган жарандардын укугун коргоо максатында текшерүү иштери жанданмай болду. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен жолугушуу учурунда билдиргенин 27-январда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу учурунда Абдил Сегизбаев институттун аракеттерине эч кандай тоскоолдуктар болбой турганын айтып, акыйкатчынын сунуштарын колдоду. Мындан сырткары тергөө абактарынын абалы канааттандырарлык экендигин айтты.
Соңунда эки тарап тең адам укугун коргоо жаатында кызматташууну макулдашышты.