Жантөрө Сатыбалдиев ички дүң продукция боюнча айтылган сындарга макул эмес

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "ички дүң продукциянын деңгээлин көрсөтүүдө өкмөт жалган маалыматтарды айтууда" деген сындарга макул эмес. Бул пикир бүгүн, 19-мартта Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында айтылды. "Инвестициялык тегерек стол" коомдук уюмунун аткаруучу директору Рафкат Хасановго кайрылып, өкмөт башчы мындай деди: "Ички дүң продукцияны эч ким чиймелеп, "сүрөт тартып" жаткан жок, минтип сүйлөөнүн өзү туура эмес. Эгерде Экономика министрлиги же Статистика комитети сиз айтып жаткандай "сүрөт тартып" жатса, ага далилдериңиз бар болсо, бизге бириңиз. Аларды жазалоого даярбыз. Мен ушундай сөздөр чыкпасын деп жарым жылдан бери Статистика комитети менен сүйлөшө элекмин".  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан