* Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. 10 бир туугандын кичүүсү. 2-класстан кийин Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Музыкалык мектепти аяктаган соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган.
Ырыскелди Осмонкулов 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап, “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ыр менен эл алдына чыккан. Ал эми 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкен.
* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын убактылуу кармоочу жайлары менен түрмөлөрүндө отурган 6500 адам ачкачылык акциясын токтоткон. Өлкөнүн төрт абагынан башка абактардын баарында ачкачылык акциясы жүргөн. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилешкен. №1-тергөө изоляторундагылар 2012-жылы 16-январда болуп өткөн тополоңдо каза тапкан Нурбек Алымбаевди ким өлтүргөнүн таап жазалоону жана ошол окуяны туура иликтөөнү, так маалыматты элге таратууну талап кылышкан.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кылмыш чөйрөсү менен мамлекеттин күрөшү экенин айткан. Ошол эле учурда абактагылар кримчөйрөнүн башчылары отурган камераларды ачык калтыруу талабын коюшканын №1-тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков билдирген.
* Мындан 61 жыл мурун, 1955-жылы Франциянын 23-президенти Николя Саркози Парижде туулган. 1959-жылы ата-энеси ажырашып, балдарды апасы тарбиялаган. Өзүнүн айткандарына караганда, бала кезинен эле жардылыгы үчүн уялып жашаган. Бирок ошентсе да амбициясы күч болгон. Бир жолу атасы менен болгон маегинде атасы "сен эч качан Францияга президент боло албайсың, мындай нерселер Америкада гана болот" деген экен, бул сөз Саркозини ого бетер чыйралткан.
Ошентип, Николя Саркози 2007-жылдан 2012-жылга чейин Франциянын президенти болуп келген. Достору да, саясий оппоненттери да аны Сарко деп аташкан. Коомчулук анын саясий ишмердүүлүгүнөн мурун аялзатына болгон мамилесине өзгөчө көңүл буруп келген.
* Мындан 30 жыл мурун, 1986-жылы Американын "Челленжер" космос кемеси Флорида штатындагы Канаверал булуңунан белгиленген убакытта абага көтөрүлүп, учкандан 73 секунда өткөндө 14 чакырым бийиктикте космос корабли жарылып, бир заматта ал жаркыраган булутка айланган. Кораблдин 7 экипажынын бири да мындай техногендик каргашадан аман калган эмес.
28-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.